1-декабрдан тарта Орусияга кирген кыргызстандыктар биометрикалык маалыматтарды тапшырат

1-декабрдан тарта Орусияга чет элдиктер кирип-чыккан учурда биометрикалык маалыматтарын тапшырышы керек. Бул тууралуу Орусия өкмөтүнүн чечими бар экенин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 15-ноябрда билдирди.

Ага ылайык, кыргызстандыктар Домодедово, Шереметьево, Внуково жана Жуковский эл аралык аэропортторунда, Оренбург облусундагы Маштаково өткөрүү пунктунда биометрикалык маалыматтарын тапшырышы керек. Биометрикалык маалыматтарга адамдын жүзүн сүрөткө тартуу жана бармак изин сканерлөө кирет.

ТИМ кыргызстандыктарды Орусиянын мыйзамдарындагы талаптарды эске алууну жана чек ара бекеттеринде кошумча процедураларга даяр болууга чакырат.

15 Ноябрь 2024 жыл 17:48
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча