2026-2027-окуу жылына 1-класска балдарды каттоодо Бишкек шаары үчүн өзгөчөлүктөр кирди. Агартуу министрлиги кабарлагандай, 1-апрелден башталган биринчи баскычта 1-класска балдарды киргизүү жол-жобосу Бишкек шаары үчүн өзгөртүлдү.
Министрликтин мектептеги билим берүү башкармалыгынын башчысы Мелисбек Музулмановдун журналисттерге билдиргенине караганда, зоналдык микроучасток деген жобо быйылкы жылга Бишкек шаарынан алынды:
«Быйыл Бишкектеги ата-энелер балдарын 1-класска өздөрү жашаган микроучастогуна тиешелүү мектепке гана каттайт. Кийинки этапта бош орун болгон башка мектептерге да балдарын каттай алышат. Бул чечим Бишкек шаарындагы элдин санынын көптүгүн эске алуу менен, бардык мектептерде балдардын тең бөлүнүшүн камсыз кылуу максатында кабыл алынды».
Музулманов бул чечим шаардык билим берүү департаментинин жана башка адамдардын кайрылуусунун негизинде киргизилгенин кошумчалап, ата-энелерди түшүнүү менен кабыл алат деген ишеничин билдирди.
Кыргызстанда бүгүн 1-апрелден тартып 1-класска балдарды кабыл алуунун биринчи баскычы башталды. Ага ылайык, 2019-жылы жана 2020-жылы туулган балдарды ата-энелери, мыйзамдуу өкүлдөрү өздөрү жашаган аймактагы мектептерге каттай алышат.
Бишкектеги ата-энелер 1-апрелден тартып катталган жерине жакын жайгашкан айрым мектептер тиркемеде чыкпай жатканына даттанышкан.
Баланы 1-класска мектепке кабыл алуу анын ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлүнүн) арызынын негизинде «Электрондук жазуу» кызматы же 1mektep.edu.gov.kg платформасы, ошондой эле “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу өлкөнүн бардык аймактарында, эки баскычта жүргүзүлөт.