11 жаңы мектеп пайдаланууга берилди. Тизме
Кыргызстандын аймагында бүгүн, 6-майда 11 мектеп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалымат ылайык, анын ичинен Ош шаарында жаңы курулуп бүткөн Исхак Раззаков атындагы 720 орундуу мектеп-гимназиясы президент Садыр Жапаров жана Мамкурулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаевдин катышуусунда ачылды.
Иш-чарада Нурдан Орунтаев мектептер боюнча баяндама берди.
Ал эми калган 10 мектептин ачылышына президент онлайн катышты:
- Бишкек шаарынын Нижняя Ала-Арча айыл аймагындагы 375 орундуу кошумча корпусту;
- Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Күн-Туу айылындагы 500 орундуу мектеби;
- Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Сары-Дөбө айылындагы 150 орундуу мектеби;
- Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Шапак айылындагы 150 орундуу мектеби;
- Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Семеновка айылындагы 225 орундуу мектеби;
- Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Түп айылындагы 450 орундуу мектеби;
- Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Ичке-Суу айылындагы 150 орундуу мектеби;
- Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы №7 120 орундуу бала бакчасы;
- Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы №12 120 орундуу бала бакчасы;
- Ош облусунун Алай районуна караштуу Арпа-Тектир айылындагы 225 орундуу мектеби.
6 Май 2024 жыл 13:35