Бүгүн, 3-октябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда иши каралып жаткан Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорунун 11 журналистине сот өкүмү кийинки бейшембиге калтырылды.
Судья Кылычбек Истамкулов муну түштөн кийин башка отуруму бар болгондуктан, убактысы чектелүү экенине байланыштырды.
Сотко катышкан кабарчыбыздын маалымдашынча, 10 — октябарда айыпталуучулар Сапар Акунов жана Тыныстан Асыпбеков акыркы сөзүн сүйлөп, анан чечим чыгары күтүлүүдө.
Буга чейинки — 26-сентябрдагы отурумда прокуратура жапырт башаламандыкка айыпталган 11 журналисттин ар бирин алты жылдан абакка кесүүнү сураган. Адвокаттар жана айыпталуучулар прокуратуранын айыптоосун четке кагып, аларды актоону талап кылышкан.