11 журналист тергөө абагына которулду

16-январда жапырт кармалган журналисттер Жаза аткаруу кызматына караштуу №1 тергөө абагына (СИЗО-1) бүгүн, 29-январда которулду. Бул тууралуу жактоочулардын бири Нурсултан Жаныбеков «Азаттыкка» кабарлады. Маалыматты Жаза аткаруу кызматы дагы ырастады.

Мунун алдында Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор Ички иштер министрлигине кайрылып, 13 күндөн бери милициясынын убактылуу кармоочу жайында кармалып турган 11 журналистти тергөө абагына которуу маселесин тезинен чечүүгө чакырган.

Анда Бириккен Улуттар Уюмунун кыйноолорго каршы конвенциясынын 1-беренесине ылайык, сот чечими чыкканына карабай журналисттерди милициянын убактылуу кармоочу жайында кармоо кыйноо катары баалана турганы айтылган.

“Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын 11 кызматкерин милиция 16-январда кармап кеткен.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту аларды 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камоо чечимин чыгарган. Соттун бул чечимине каршы адвокаттардын аппеляциялык арызы Бишкек шаарында 1-февралдан тарат карала баштайт.

ИИМ “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

29 Январь 2024 жыл 17:46

Тема боюнча