№13 Сузак бир мандаттуу шайлоонун алдын-ала жыйынтыгы

№13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүү аяктады. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Саат 20:40 карата 81  шайлоо участогунан автоматташтырылган эсептөочү урналарынан маалыматтар 100% келип түштү.

Белгиленгендей, округда шайлоочулардын саны 124 миң 429ду түзөт, анын ичинен 62 миң 373ү эркектер (50,13%) жана 62 миң 56сы аялдар (49,87%).

Саясий өнөктүктө мандат үчүн 7 талапкер ат салышып, жалпы 81 шайлоо тилкесинде добуш берүү жүрдү.

Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары:

Кылычбаев Алтынбек Таирович – 10174 добуш (48,32%)

Сапарбаев Медербек Мусаевич – 3280 добуш (15,58%)

Сейдахматов Жыргалбек Орозбекович — 2493 добуш (11,84%)

Кошалиев Мелисбек Исманалиевич – 2435 добуш (11,56%)

Арапбаев Асилбек Ормонович – 1351 добуш (6,42%)

Лилиентал Юлия Викторовна — 749 добуш (3,56%)

Бейшенбек Саматович Бегматов – 212 добуш (1,01%)

Баарына каршы – 134 добуш (0,64%).

Эскерте кетсек, №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округунан 2021-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп келген Тазабек Икрамов 19-июлда өз ыктыяры менен мандатын тапшырган.

23 Сентябрь 2024 жыл 9:00

Тема боюнча