14 жаштагы кызды зордуктоого шектелип 31 жаштагы киши кармалды

Сүлүктү шаарында 14 жаштагы кызды зордуктоого шектелип 31 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ИИБ билдирди.

Укук коргоочулардын маалыматына караганда, милицияга жабырлануучунун энеси кайрылып, 14-январга караган түнү кызы зордукталганын билдирген.

«Кылмыш-жаза кодексинин «Зордуктоо» беренеси боюнча иш козголгон. Шектүү катары 31 жаштагы К.Т. кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө», — дешти ОИИБден.

22 Январь 2024 жыл 21:14

Тема боюнча