16-майда «Ак-Кула» ипподромунун аукциону өтөт

Бишкекте 16-майда 10:00дө «Ак-Кула» ипподромунун аукциону өтөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аукционго коюлган мурдагы ат майданы Ш.Термечиков көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан.

«Турак эмес жайлардын аянты 1818,5 чарчы метр, жер тилкесинин аянты 45,736 гектарды (457 360 чарчы метр) түзөт», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, көз карандысыз эксперт тарабынан объекттин баштапкы баасы 8 млрд 731 млн 917 миң сом өлчөмүндө белгиленген.

10 Май 2024 жыл 14:13
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча