2 жашар кызынан айрылган эне акыйкаттык издейт

2 жашар кызы ооруканада чарчап калган 31 жаштагы Баатырбек кызы Нурзат акыйкаттык издөөдө.

Ал 15-августта кызын Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына алып барганын, ал жактан 3-балдар ооруканасына жөнөтүшкөн айтат.

Эненин айтымында ооруканага барарда кызы бир жолу кускан.

Ал эми 16-августта 13:30 чамасында дарыгерлер кызы чарчап калганын айтышкан.

3-балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов окуя боюнча маалымат каражаттарына комментарийберип: «Ооба, бизге август айында түнкү саат 01:00 чамасында келген. Саат 2де тамчылатма коюп бергенбиз. Ошондон кийин кыз жеңилдеп уктап калган. Дарыгерлердин айтымда, абалы начарлаганда жандандыруу бөлүмүнө которулган. Аракет кылып жатып, 6 сааттан кийин каза болуп калды. Биз өзүбүз баланын сөөгүн моргго жөнөттүк. Милицияны да өзүбүз чакырдык. Азыр тергөө иштери жүрүп жатат. Министрлик тараптан комиссия түзүлүп, иликтеп жатышат. Иликтөө бүткөндөн кийин кенен айтып бере алабыз. Экспертиза чыккандан кийин баланы канча күн үйүндө кармаган, канча күн ооруганы белгилүү болот. Бир күн ооруду деп жатышат, балким 2-3 күн ооругандыр, мунун баары соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен чыгарылат», — деген.

10 Октябрь 2024 жыл 15:31
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча