20 жаштагы балага бычак сайды делген жаран кармалды

Бишкекте бейбаштыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти.

29-декабрь күнү  “102” кызматына Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринде 20 жаштагы бала бычактан жаракат алганы тууралуу маалымат түшкөн. Ыкчам-тергөө тобу барган учурда маалымат такстыкталган.

Аталган факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголду.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө, шектүү катары 1998-жылы туулган жаран аныкталып, Тергөө кызматына жетирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

30 Декабрь 2024 жыл 10:21
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча