Кыргызстанда 2024-жылы жол тармагына бюджеттен 4 млрд 450,9 млн сом каралат. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Финансы министрлиги тарабынан 4 млрд 73,7 млн сом же 100% каржыланды, анын ичинен:
«Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасы тарабынан 2022-жылы 32 даана жол-курулуш техникасын сатып алууга 2 млн 353,1 млн долларга келишим түзүлгөн.
Ошондой эле 2023-жылы 20 млн 660 миң 489 долларга 247 даанадан турган жол-курулуш техникаларын жана 6 млн 699 миң долларга 18 даана асфальтбетон заводун, таш талкалоочу орнотмону жана бетон заводун сатып алууга келишимдер түзүлгөн. Анын 30 пайызы төлөнүп, калган каражаттар 3 жылдын ичинде квартал сайын төлөнүп турат.