21-майда Бишкектен Пакистанга алты учак адам кетет

Бүгүн, 21-майда Бишкектен Пакистанга алты чартердик каттам учат. Анын биринчиси саат 04:15те учкан, акыркы рейс Пешаварга 16:30га пландаштырылган.

«Манас» аэропортунун сайтында учактар күндүз Исламабад, Пешавар жана Лахорго учаары көрсөтүлгөн.

Kaktus.media сайты «Манас» аба майданында учак күтүп жаткан Пакистандын жарандарнын сүрөттөрүн жарыялады.

Бишкекте 13-майда жатаканалардын биринде жергиликтүү жана чет элдик жарандардын ортосунда мушташ чыккан. 18-майга караган түнү Чүй проспектиси менен Курманжан датка көчөлөрүндө массалык башаламандык болгон. Бул окуядан жабыркаган 140 студент жана 40 чакты эмгек мигранты атайын рейс менен Пакистанга учуп кеткен.

21 Май 2024 жыл 11:09
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча