25-майда Бишкектин айрым бөлүгүндө суу болбойт

25-майда Бишкектин айрым бөлүгүндө суу болбойт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-майда саат 10:00дөн 17:00гө чейин Жунусалиев көчөсү – Гагарин көчөсү – Абдраимов көчөсү–Балтагулов көчөсү – Ч.Айтматов проспекти – Сухомлинов көчөсү – Ш.Руставели көчөсү – Айни көчөсү менен чектелген аймакта суу өчүрүлөт.

Суу берүү Жаманбаев көчөсүндөгү Д= 400мм болгон суу түтүгүн көчүрүү иштерине байланыштуу токтотулмакчы.

Бишкек мэриясы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканаларды, тургундарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

22 Май 2026 жыл 16:01
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча