Кыргызгидромет билдиргендей, 26-апрелде түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз көпчүлүк аймакта жаан жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +17… +22,
Талас жергесинде түнкүсүн +5…+10, күндүз +15…+20,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +11… +16, күндүз +18…+23,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4… +9, күндүз +13…+18,
Нарын өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз + 11…+16.
Бишкекте мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +19…+21 градус болот.