27-декабрдан тарта Бишкектеги Сүйүмбаев көчөсү менен Гоголь көчөсүндө жол кыймылы бир тараптуу болот. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
27-декабрдан баштап бир тараптуу боло турган көчөлөр:
Гоголь көчөсү. Жумабек көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин (түндүктөн түштүккө);
Сүйүнбаев көчөсү. Москва көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейин (түштүктөн түндүккө).
Учурда бул эки көчөдө тиешелүү жол белгилери коюлуп, жол чийиндери чийилип жатканы белгиленди.