3 жаштагы өгөй кызын сабап жүргөн жаран буга чейин анын бутун сындырган

Бүгүн, 13-майда ЖКнын Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожаев бул тууралу маалымат берип жатып, Чүйдө 3 жаштагы өгөй кызын сабап жүргөн деп кармалган жаран буга чейин анын бутун сындырганы аныкталганын айтты.

«Анда алар кызды ооруканага алып барып жаткырышкан. Бирок дарыгерлерден кыздын бутун ким сындырганын жашырып, «кулап түшүп бутун сындырды» деп коюшкан. Учурда ага 5 берене боюнча айып тагылууда. Азыр тергөө жүрүп жатат, анын жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет», — деди ал.

Ал эми Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Медер Исмаиловдун айтымында, кыз ооруканага түшкөндө мээси чайкалып, оң кабыргасынын үчөө сынган. Ошондой эле денесинде көгала тактар болгон.

13 Май 2024 жыл 14:25
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча