Министрлер кабинети менен социалдык келишим түзүп, аны ийгиликтүү ишке ашыра алган 34 үй-бүлө 200 миң сомдон үстөк пайызсыз насыя алды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.
Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, үстөк пайызсыз насыя социалдык келишимдин акчасына негизделген ишкерликти кеңейтүү максатында берилет.
«Социалдык келишимге катышып, аны бизнеске же чарбага айландырып, ийгиликтүү ишке ашыра алган жаран алты айдан кийин 200 миң сом үстөк пайызсыз насыя алууга өтүнүч бере алат».
Үстөк пайызсыз насыя үч жылдык мөөнөткө берилет. Насыяны төлөө акча берилгенден үч айдан кийин башталат.
Бул программага катышуу үчүн «Айыл банкка» же «Элдик банкка» кайрылууга болот.
2022-2023-жылы «Социалдык келишим» долбоору аркылуу 100 миң сомдон алган 12 800 үй-бүлөнүн ичинен 80 үй-бүлө акчасын иштете албай, кайтарып беришкен. Аларга комиссиянын чечими менен кайрадан жөлөк пул берилген.