4-июнда Бишкектин бир катар даректеринде суу болбойт

4-июнда борбор калаанын бир катар даректеринде суу болбойт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-июнда саат 09:00дөн 00:00гө чейин Ала-Арча суусу – Байтик Баатыр көчөсүнөн – Түштүк Чоң Чүй каналына (ТЧЧК) чейинки аймакта, ошондой эле Ала-Арча-3 конушунда суу берүү токтотулат.

«Суу МИКтин котлованындагы суу агууну аныктоо боюнча авариялык-издөө иштерин жүргүзүү зарылдыгына байланыштуу өчүрүлмөкчү. Бишкек мэриясы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды, шаар тургундарын алдын ала ичүүчү суу камдап алууну суранат»–деп айтылат маалыматта.

1 Июнь 2026 жыл 17:24
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча