Кыргызстанда 40 акимдин кызмат ордуна 322 талапкер резервде турат. Башкача айтканда, бир кызмат ордуна 8 адам туура келет. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев билдирди.
Агенттиктин жетекчиси мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жетекчилик кызмат орундары үчүн регионалдык жана муниципалдык кадрлар резервин түзүү уланып жаткандыгын айтты.
«Акимдин орун басарлыгына 603 туура келет. Демек, 1 орунга 7 резервист бар дегенди билдирет», — деди ал.
Ошондой эле Базарбаев:
«Бүгүнкү күндө бул кызматтардын баарына 100 пайыз регионалдык жана муниципалдык резервден дайындалган», — деди агенттиктин башчысы.
Маалымат үчүн: