6 жаштагы бала мылтык менен ойноп жатып бөбөгүн атып алган

Жалал-Абадда 6 жаштагы бала тир мылтыгы менен ойноп жатып байкабастан 5 жаштагы бөбөгүн ичине атып алган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, окуя 17-январда болгон.

«Саат 16:52 чамасында Жалал-Абад шаарынын Тайгараев айыл аймагында 6 жаштагы бала үйдө тир мылтыгы менен ойноп жатып байкабастан 5 жаштагы Ф.А. аттуу карындашын ичке атып алган. Натыйжада ал Жалал-Абад облустук ооруканасынын балдар хирургиясы бөлүмүнө жаткырылган», — деп жазылат маалыматта.

Саламаттык сактоо министрлигинин облустагы координатору Каарманбек Байдавлетов Sputnik Кыргызстан агенттигине жабыркаган кызга операция жасалганын айтты.

«Кызды ооруканага атасы алып барган. Азыр анын абалы орточо оор», — деген Байдавлетов.

Учурда териштирүү иштери уланып жатканы кошумчаланды.

18 Январь 2024 жыл 16:59

Тема боюнча