Министрликтин алдындагы «Өндүрүштүк-инновациялык борбор» мамлекеттик мекемесинде жол белгилерин чыгарган устакана бардык буюртмаларды өз убагында даярдап, жети дубан жолдорун толук камсыздап жатат.
2023-жылдын апрель айынан тарта өз ишин баштаган устаканада азыркы тапта күнүнө 200дөй белги чыгарылууда.
Сапатына өзгөчө көңүл бурулгандыктан керектүү материалдардын бардыгы Россиядан жана Германиядан алынып келинүүдө. Ошондой эле, жол белгилердин тирөөчүн полимердик краска менен боей турган атайын жабдуулар алынып, ишке киргизилди.
Белгилей кетсек, жол белгилери 7-10 жылга чейин жарамдуу болуп, баасы тирөөчү менен кошкондо жеке компаниялардан алганга салыштырмалуу кыйла арзан.
Азыркы тапта аймактарды тейлеген жолчулар тарабынан өңү өчүп, эскилиги жеткен же жарактан чыккан жол белгилерин алмаштыруу иштери кызуу жүрүп жатат.
Эгер былтыр жалпы 10 миңдей жол белгилер чыгарылса, быйыл бул көрсөткүчтү эки эсеге көбөйтүү аракети көрүлүүдө.