Бишкектеги 7-Апрель көчөсүнүн Медеров жана Ахунбаев көчөлөрүнүн ортосундагы тилкесинде диаметри 900 мм болгон жылуулук түтүгүндө авариялык мүчүлүштүк катталган.
Бишкек мэриясынан билдиришкендей, аварияны жоюу максатында эски түтүк убактылуу өчүрүлүп, аны альтернативдүү түтүккө кошуу иштери жүргүзүлдү.
Белгилей кетсек, авария катталган учурдан тартып шаар тургундарына жылуулук берүү токтотулган жок. Болгону жылуу суу кыска мөөнөткө өчүрүлүп, азыркы учурда этап-этабы менен берилүүдө. 5-кичирайондо жылуу суу толугу менен берилди. Ал эми башка жогорку райондорго 4 саат ичинде берилет.
Аварияны жоюу иштерине 5 атайын техника тартылган.
«Жаңы түтүктү орнотуу иштерин мүмкүн болушунча бир күндүн ичинде бүтүрүү үчүн бардык зарыл чаралар көрүлөт»,-деп айтылат мэриянын маалыматында.