8 баланын энеси 37 жаштагы Гуланда Карачова айылдагы эң жаш баатыр эне

Бакай-Ата районунун Миң-Булак айылынын 37 жаштагы тургуну Гуланда Карачова айылдагы эң жаш баатыр эне. Бул тууралуу «Турмуш» басылмасы жазды.
Келиндин айтымында, Нарын шаарында чонойгон.

«Мен Нарын шаарында төрөлүп өскөм. 2003жылы ата-энем, бир туугандарым менен Бишкек шаарына көчүп келгенбиз. 2004-жылы бычмачы, тикмечилик тармагында 1 жылдык окууга окуп калдым. Окуп бүтүп жаңыдан иштеп жүрүп жолдошум менен таанышып калганбыз. Кыз-жигит болуп журуп, 2006жылы ноябрь айында Бакай-Ата районунун Миң-Булак айылына келин болуп келгем.

Жолдошум 9 бир тууган. Өзү көп бир тууган болгондон кийин көп балалуу болууну кыялданчу экен. 2007-жылы алгач кыздуу болдук. Азыр 8 баланын ата-энеси болуп калдык. Төрөт үйүнө барганда баары эле «жолдошун молдобу?» деп сурашат. Элде молдолордун жубайлары көп бала төрөйт деген түшүнүк бар окшойт.

Улуу кызыбыз 10-класста окуса, кичүүсүнө 1 ай болду. 6 кыз, 2 улуубуз бар. Балдарга колубуздан келген тарбияны берип келе жатабыз. 5 балабыз мектепке барса, экөө бала бакчага барат. Улуу кыздарыбыз мектепте жакшы окуп, класста алдынкы окуучулардын катарында. Чондору колума кол, бутума бут болушуп, бут жумушту ездеру кылып калышты. Өзү  көп жылдан бери тигүүчүлүк менен алекмин. Майрамдарда айылдын, бала бакчанын, мектептин кийим-кечелерин тигип, реставрация кылып, элдин алкышын алып келем. Жолдошум устачылык менен алектенет. Кайда жумуш болсо, барып келип иштеп бизди багып жатат. Жолдошум «буйруса бизде кеп күйөө бала болот» деп кулуп калат»,- дейт келин.

29 Январь 2024 жыл 9:44

Тема боюнча