9-класстын окуучусунун өлүмүнө айыпталган өспүрүм 8 жылга кесилди

Сокулук районундагы 9-класстын окуучусунун өлүмүнө айыпталган өспүрүм сегиз жылга эркинен ажыратылды. Өкүм тууралуу Чүй облустук соту билдирди.

Эскерте кетсек, окуя ушул жылдын сентябрь айында болгон. Анда Комсомол айылында 9-класстын окуучуларын 16 жаштагы бала чогултуп, Э.А. аттуу баланы ичке чапкан. Окуучунун абалы начарлап, көз жумган.

Алгач бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси («Бейбаштык») боюнча иши козголуп, кийин тергөөдө кылмыш иши 130-беренеге («Ден соолукка оор залал келтирүү») өзгөртүлгөн.

13 Ноябрь 2024 жыл 9:52
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча