Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 5-8-ноябрда Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт. Бул күндөрү мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. 6-ноябрда күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Абанын күндүзгү температурасы төмөндөйт.
7-8-ноябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Абанын температурасы тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9°, күндүз -1…-6°, бийик тоолордо түнкүсүн -11…-16°, күндүз -3…-8° суукка чейин төмөндөйт. Республиканын айрым жерлеринде туман түшөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көлдө 18-23 метрге чейин жетет. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.
6-ноябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.