Президент Садыр Жапаров IV Элдик курултайдын жүрүшүндө тергөө абагы отурган жана түзөтүү колонияларындагы адамдарды кармоо шарттарына тийиштүү делегаттын кайрылуусуна жооп берди.
Мамлекет башчысы тергөө изоляторлору менен колониялар эс алуучу жай эмес экенин жана алар белгиленген коопсуздук талаптарына, режимге ылайык иш алып барарын баса белгиледи.
«Тергөө абагы — курорт эмес. Коопсуздук эрежелери боюнча ал жерлерде жылыткычтарды коюуга тыюу салынган. Анын үстүнө камактагылар электр энергиясы үчүн акы төлөшпөйт, жарык жана коммуналдык чыгымдарды мамлекет, тагырагы, салык төлөөчүлөр төлөйт. Ошол эле учурда мекемелерде жылуулук жетиштүү», — деп билдирди президент.
Ал түзөтүү мекемелери өздөрүнүн негизги функциясын — соттолгондорду түзөтүү жана аларды коомго кайтып келүүгө даярдоо милдетин аткарышы керектигин белгиледи.
Садыр Жапаровдун айтымында, учурда абактарда тартип орнотулуп, катуу режим киргизилген. Эгер мурда соттолгондор туугандарынан акчалай жардам суроого мажбур болушса, бүгүнкү күндө көптөгөн мекемелер өздөрүн-өзү камсыздоого өтүүдө.
«Азыр камактагылар өздөрү акча табышат. Алар өздөрүн гана камсыздабастан, үй-бүлөлөрүнө да каражат жөнөтүп жатышат. СИЗО жана колонияларда ар кандай өндүрүш ишканалары — тигүү цехтери жана башка объекттер иштеп жатат. Соттолгондордун иштеп, киреше табууга мүмкүнчүлүгү бар», — деп баса белгиледи мамлекет башчысы.
Президент ошондой эле камактагылар бардык зарыл шарттар: акысыз тамак-аш, кийим-кече жана медициналык тейлөө менен толук камсыз болгонун айтты.
«Жаза мөөнөтүн өтөгөндөн кийин адамдар башкача болуп — кесипке, эмгек көндүмдөрүнө жана тартипке ээ болуп чыгышат. Түзөтүү мекемелеринин негизги максаты мына ушунда», — деп кошумчалады ал.