4-октябрда Стамбул шаарында Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган майрамдык салтанат өтөт.
Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугунун маалыматына караганда, иш-чара саат 18:00дө Türk Dünyası Kültür Mahallesi, Topkapı Kültür Parkı аянтында башталат.
Майрамдык кечеде кыргызстандык белгилүү өнөрпоздордун концерти, театралдаштырылган программа жана башка иш-чаралар уюштурулат.
Ага КР эл артисти Бек Борбиев, эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков, Маданияттын мыкты кызматкери Омар жана ырчы Малика Дина катышат.