Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев аялдардын лидерлигин, экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана укуктарын коргоо маселелерине арналган улуттук диалогго катышты.
Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, «Кыргыз Республикасынын келечегин калыптандыруучу аялдар: лидерлик, адилеттүүлүк, экономикалык мүмкүнчүлүктөр жана тынчтык» аталышындагы иш-чарага депутаттар, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү, ошондой эле аймактардан 70ке жакын лидер айым катышты.
Марлен Маматалиев аялдардын саясатта, экономикада, бизнесте, илимде, билим берүүдө, саламаттык сактоодо, маданиятта жана спортто активдүү роль ойноп жатканын белгиледи. Ошол эле учурда үй-бүлөлүк зомбулук, жумушка орношуу, ишкердик жүргүзүү, экономикалык ресурстарга жана укуктук жардамга жетүү сыяктуу көйгөйлөр дагы бар экенин айтты.
Төрага айрыкча айыл жергесиндеги, алыскы жана чек ара аймактарындагы аялдардын маселелерине көңүл буруу зарылдыгын белгилеп, диалогдун жыйынтыгында айтылган жүйөлүү сунуштар парламенттин мыйзам чыгаруу ишинде эске алынарын билдирди