Абакиров менен Мамашова ЖК депутаты болушту

Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров менен экс-депутат Айсулуу Мамашова Жогорку Кеңештеги “Альянс” фракциясынын депутаты болуп катталып, парламент депутатынын күбөлүгү менен төш белгиси берилди. Мындай чечим Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 2-февралдагы отурумунда кабыл алынды.

Алар диплом чырына байланыштуу мандатынан ажыратылган “Альянс” фракциясынын мурдагы депутаты Фарходбек Алимжановдун жана “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен айыпталып камакта жаткан экс-депутат Эмил Жамгырчиевдин ордуна келишти.

Боршайком ушул эле күнү өзү арыз жазган арыздын негизинде Эмил Жамгырчиевдин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

2 Февраль 2024 жыл 13:10

Тема боюнча