
“KG Group” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов тергөө абагында өзүнө кол салган деген жүйө менен ооруканага жеткирилгени кабарланууда.
Маалыматты анын адвокаты Самат Матцаков «Азаттыкка» ырастады. Адвокаттын сөзүнө караганда, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында кармалып турган ишкерди «Тез жардам» автоунаасы ооруканага алып кеткен.
«Мен бүгүн Ташовго жолугуу үчүн УКМК тергөө абагына келгем. Ал жердеги нөөмөтчү киргизбей «күтүп тур» деп койду. Ошол жерден Имамидин Ташов өзүнө кол салып, «Тез жардам» менен ооруканага алып кеткенин угуп калдым. Мен 103 аркылуу «Тез жардам» кызматына чалып, сурасам, мага УКМКнын тергөө абагына 40-45 жаштардагы эркек адам өзүнө кол салганы тууралуу чакыруу болгонун, «Тез жардам» аны шаардагы №4 ооруканага алып кеткенин ырасташты. Бирок ал өзүнө кантип кол салганы тууралуу маалымат беришкен жок. Мен да азыр эле ооруканага келдим», — деди адвокат.
УКМК бул тууралуу маалымат бере элек.