“KG Group” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун апасы Саибжамал Абдукаимова уулу ушул жылдын июнь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаардык башкармалыгында кыйноого кабылганын билдирди. Бул тууралуу ал 29-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Имамидин Ташовдун иши боюнча соттук отурумдан кийин айтты.
“Уулумду ток менен тарттырып, сабашыптыр. Бизге болсо көрсөтүшкөн жок. Кийин ооруканага жатты деп уктук. Кайсы ооруканага жатканын да билген жокпуз. Бир ай тамак да киргизе алган жокпуз. Ушундай кыйноолорго туш болуптур”, — деди ал.
Ташов тергөө абагында отурган маалда ооруканага жатканы тууралуу маалымат буга чейин чыккан эмес. Апасы уулу качан ооруканага түшкөнүн так айткан жок.
Ташов кыйноого кабылганы тууралуу абактан кат жазып, аны адвокатынан июнь айында апасына берип жиберген. Катта 11-12-13-июнь күндөрү аны тергөө абагынан жактоочусу жок алып чыгып, УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгында кыйнашканы жазылган. Сентябрь айында Ташовдун укугун коргогон адвокаттар алмашкан.
Ишкер бүгүн сот залынан чыгып баратып, журналисттердин “ошол кат өзүңүздүкүбү?” деген суроосуна “ооба” деди. Бирок кыйноого кабылганы тууралуу «Азаттыктын» суроосуна жооп берген жок.
УКМК, Жаза аткаруу кызматы бул тууралуу комментарий бере элек.