Абактагы Ишенбековго чоң апасынын тажыясына катышууга уруксат берилди

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы беш жылга абакка кесилген журналист Азамат Ишенбековго чоң апасын акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышууга 5-мартка чейин уруксат берди.

Бул тууралуу адвокаты Нурсултан Жаныбеков билдирди. Ал буга чейин журналистти чоң энесинин тажыясына катышууга уруксат берүүнү сурап, Азамат Ишенбеков жаза өтөп жаткан абактын жетекчилигине арыз менен кайрылган.

Азамат Ишенбековдун 75 жаштагы чоң энеси Гүлира Абдраимакунова 27-февралда Токмоктун ооруканасына түшүп, жакындары аны 1-мартта Нарынга алып кетишкен. Азамат Ишенбеков жазасын өтөп жаткан №8 абактын кызматкерлери аны 1-мартта Нарын облусуна коштоп барып, ооруканада оор абалда жаткан чоң апасы менен кыска мөөнөткө жолугуштурган.

Гүлира Абдраимакунова 2-мартта каза болгон.

3 Март 2025 жыл 13:07
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча