Абактагы Султанбековдун ачкачылык кармап жатканына дээрлик 10 күн болду

Социал-демократтар партиясынын Бишкектеги №1 тергөө абагындагы лидери Темирлан Султанбеков ачкачылык кармаганына дээрлик 10 күн болду. Бул тууралуу адвокаты Айбек Турдуев билдирип, ал суу гана ичип жатканын айтты.

Ал Темирлан Султанбековдун ден соолугун тергөө абагынын медицина кызматкерлери утур-утур текшерип жатканын, дарыгерлер акыркы жолу караганда дене табы 36 градуска түшүп кеткенин айтышканын кабарлады.

Бишкектин Свердлов райондук соту 15-ноябрда Темирлан Султанбековду, Социал-демократтар партиясынын Бишкектеги шайлоо штабынын башчысы Ирина Карамушкинаны жана партиянын тарапташы Роза Түрксеверди эки айга камакка алган.

22 Ноябрь 2024 жыл 19:26
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча