14-ноябрда саат 4:30 чамасында өздөрүн милиция кызматкерлерибиз деп тааныштырган адамдар Социал — демократтар партиясынын төрагасы, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Темирлан Султанбековду атасы менен чогуу, үйү тараптан күчтөп, унаага салып алып кетишкен боюнча ата-бала Султанбековдор кайда кармалып турганы белгисиз. Бул тууралуу анын адвокаттарынын бири Айбек Турдуев «Азаттыкка» билдирди.
«Түндө саат 4:30да күчтөп алып кетишкен болсо, мына саат 10:30 болду. Кайда экенин шаардык милиция өзү билбейт. Азыр биз милициянын нөөмөт бөлүмүндө турабыз, алар дагы кайда экенин билбей жатышат», — деди адвокат.
«Социал демократтар» партиясынын төрагасы, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Темирлан Султанбековду атасы менен чогуу, үйү тараптан күчтөп, унаага салып алып кетишкен учурду партиянын дагы бир талапкери Кадыр Атамбаев Фейсбуктагы баракчасында видео аркылуу түз көрсөткөн.