Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминовдун камактагы мөөнөтү узартылып, 4-апрелге чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайында калтырылды.
Тиешелүү токтомду Бишкектин Биринчи Май райондук соту 31-январда чыгарганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Ахрор Иминов 2023-жылдын аягында кайра камакка алынган. Райондук сот 30-декабрда анын эч жакка чыкпоо тууралуу бөгөт чарасын өзгөртүп, камакка алган.
УКМК Ахрор Иминовду кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун айрым мүчөлөрүн каржылап келген деген шек менен 2023-жылы 11-октябрда кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу” беренеси менен айып тагылган.