Ахунбаев көчөсүнүн түштүк бөлүгү жабылды

Бишкектеги Ахунбаев көчөсүнүн Достоевский көчөсүнөн 7-апрель көчөсүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Бул тууралуу шаар мэриясынан кабарлашты.

Учурда жолго топурак салуу иштери жүрүп жатат. Унаа тыгынын болтурбоо үчүн жол этап-этабы менен тосулат.

Бүгүн, 6-майда көчөнүн түштүк тарабы жабык, андан кийин жолдун түндүк бөлүгүн жабуу пландалууда.

6 Май 2024 жыл 15:35
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча