«Miss Kyrgistan 2024» сынагынын жеңүүчүсү Айпери Нурбекова «Miss International 2024» эл аралык масштабдуу сынагында өлкөбүздүн атынан чыкты. Иш-чара 14-ноябрда Токиодо өтүп, ага 74 өлкөнүн сулуулары катышты.
Бул иш-чаранын калыстар тобу Айпери Нурбекованын улуттук кийимине баа беришти. Ал 74 өлкөнүн улуттук кийимдери боюнча Топ 10го кирди.


