Айдарова: “Президенттин жасап жаткан жакшы иштерин көрбөй сынга алган күнөө”

Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаты Айгүл Айдарова “президенттин жасап жаткан жакшы иштерин көрбөй сынга алган күнөө” деп эсептейт. Бул тууралуу ал “SuperTV” медиасына курган маегинде айтты. Депутат “эл мамлекет башчыны колдогон сайын ал күчтөнүп, жакшы иштейт” деп билдирди.

“Ханды Кудай алып келди. Эмне үчүн сиз же башка бирөө президент болуп калган жок? Бизде президент болом дегендер көп. Мен эмне үчүн Садыр Нургожоевич болуп калды деп көп ойлоном. Аллахтын буйругуна каршы чыккандай мен киммин? Мен эч ким эмесмин. Мен бир суюктуктан, түкүрүктөн жаралган пендемин. Анан келип алып Аллахтын буйругуна каршы чыгып, президенттин жасап жаткан жакшы иштерин көрбөй койгон күнөө”, — деди ал.

Депутаттын бул сөзү социалдык түйүндө катуу талкуу жаратты.

29 Декабрь 2023 жыл 16:42

Тема боюнча