Айдоочулардын эсине! 6-январдан тарта Бишкектеги дагы эки көчө бир тараптуу болот

Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү эки көчө 6-январдан тарта бир тараптуу болот, деп билдирет муниципалитеттин маалымат кызматы.

Тактап айтканда, Ж. Турусбеков жана Т. Үмөталиев көчөлөрү бир тараптуу болот.

Көчөлөрдүн төмөнкү тилкелеринде бир тараптуу кыймыл уюштурулат:

  • Ж. Турусбеков көчөсү — Москва көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүккө);
  • Т. Үмөталиев көчөсү — Жибек Жолу проспектисинен Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү (түндүктөн түштүккө).
5 Январь 2024 жыл 10:41

Тема боюнча