Айлыгы 25-30 миң сомдон башталат. “Тазалык» айдоочуларды издейт

«Тазалык» муниципалдык ишканасы тажрыйбалуу айдоочуларды издейт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, таштандыларды ташыган оор техникага 20-25 айдоочу резервдик бригадага кабыл алынат. Айлыгы 25-30 миң сомдон башталат.

Эске сала кетсек, ишкана 2023-жылдын март айынан тарта айдоочулардын эмгек акысын алардын жыйынтыгына жараша төлөй баштаган.

«Бардык суроолор боюнча 0312 34 00 21, 0555 774 098 телефон номери, ошондой эле Ала-Арчинская көчөсү, 74а дарегине кайрылууга болот», — деп айтылат маалыматта.

1 Апрель 2024 жыл 11:22
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча