Айпери Медет кызы Олимпиаданын коло медалы үчүн күч сынашат

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы жарым финалдык беттеште утулуп, эми коло медаль үчүн күрөшмөй болду.

Спортчу америкалык атлет Алексис Кеннеди Блейдстен 6:8 эсеби менен утулуп калган.

Кыргызстандык балбан 1/8 бөлүктө кытайлык Ван Цзюанды 4:1 эсеби менен, чейрек финалда индиялык Ритиканы 1:1 эсеби менен утуп, жарым финалга чыккан эле.

10 Август 2024 жыл 23:31
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча