Айтматов проспектисинде 4 жаңы жер алдындагы өтмөк курулду

Бүгүн Чыңгыз Айтматов проспектисинин Семетей көчөсүнөн А.Масалиев проспектисине чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды.

Мэриядан билдиришкендей, аталган тилкеде 4 жөө өтүүчү жер алдынан өтмөк курулган. Ар бир өтмөктүн узундугу 33,5 метрди, туурасы 4 метрди түзөт.

Учурда өтмөктөрдүн ичин жасалгалоо жана тепкичтерди куруу иштери уланууда.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы боюнча курулуш иштери шаар тургундарына ыңгайсыздык жаратпоо жана транспорттук тыгынды азайтуу максатында майрамдык эс алуу күндөрүндө жүргүзүлдү.

12 Январь 2026 жыл 15:44
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча