Айтматов райондук милициясынын жаңы имаратына капсула салынды

20-майда Таластагы Айтматов райондук ички иштер бөлүмүнүн жаңы имаратына капсула салынды.

Талас облустук милициясынан билдиришкендей, капсула салуу иш-чарасына ички иштер министринин орун басарлары Октябрь Урмамбетов, Сүйүнбек Ниязбеков, Талас ОИИБнин башчысынын орун басары Зорбек Ибраимов, Айтматов РИИБнин башчысы Улан Мамбеткулов катышты.

Жаңы имараттын узундугу 30, туурасы 12 метрди түзүп, 48 бөлмөдөн турат. Үч кабаттуу имараттын жалпы аянты 1080 чарчы метрди түзөт. Имарат ичинде медициналык пункт, административдик камера, эркектер, аялдар жана жаш балдарды өзүнчө кармоочу убактылуу жайы менен курулат.

Курулуш иштери толугу менен Ички иштер министрлиги тарабынан каржыланат.

Айтматов районунун ички иштер бөлүмү 70 миңден ашуун калкты тейлейт.

21 Май 2024 жыл 9:12
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча