Айыл чарба министри кызматынан бошотулду

Аскарбек Жаныбеков айыл чарба министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри Жаныбеков Аскарбек Сапарбекович ээлеген кызмат ордунан бошотулду», — деп айтылат билдирүүдө.

25 Декабрь 2023 жыл 16:03

Тема боюнча