Айыл чарба министрлиги ун азыктарын өз баасында сатуу боюнча жарманкелерди уюштурду

Кыргызстандын ун рыногундагы абалды турукташтыруу максатында Айыл чарба министрлиги ун азыктарын өз баасында сатуу боюнча жарманкелерди уюштурду. Бул туурасында аталган ведомстводон кабарлашты.

Бишкек шаарындагы ун сатыла турган жарманкелердин дареги:

«Ош» базары;

«Аламүдүн» базары («Табылга» соода борборунун аялдамасы);

«Орто-Сай» базары («Оберон» бөлүмүнүн кире бериши);

«Дордой фут» базары.

Бишкек шаарындагы жарманкедеги жергиликтүү өндүрүштөн чыккан ундун бир кабынын наркы:

жогорку сорт — 1 860 сом;

1-сорт — 1 500 сом;

2-сорт — 1 125 сом.

Бүгүн министрлик Мамлекеттик материалдык резерв фондунан 40 миң тонна буудай кампадан чыгарыларын билдирген.

Буга чейин депутаттар ундун кымбатташы боюнча маселе көтөрүшкөн. Россиядан буудайдын Казакстан аркылуу келишинде маселе жаралган. Казак өндүрүшүндөгү ундун баасы өскөн. Министрлик өлкөдө буудайдын көлөмү жетиштүү экенин, кооптонууга негиз жоктугун айтты.

Эске салсак, кечээ УКМКнын башчысы, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев депутаттарды ундун баасы боюнча «хайп» кармабоого чакырып, баа көтөрүлбөй турганын билдирген.

22 Сентябрь 2023 жыл 16:02

Тема боюнча