Ак-Кула» ат майданында көк бөрү оюну боюнча райондор аралык мелдеш башталды

Кечээ, 17-февраль күнү «Ак-Кула» ат майданында көк бөрү оюну боюнча райондор аралык Кыргыз Республикасынын чемпионаты башталды. Мелдешке ар бир облустан бир район катышууда.

Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат. 17-февраль күнү башталган чемпионат, 22-февралда жыйынтыкталат.

Командалар төрт тайпага бөлүндү:

«А» тайпасы: Четинди (Бишкек), Талас району (Талас облусу), Ак-Суу району (Ысык-Көл облусу);

«B» тайпасы: Ош шаары, Ак-Талаа району (Нарын облусу), Сокулук району (Чүй облусу);

«C» тайпасы: Сузак району (Жалал-Абад облусу), Лейлек району (Баткен облусу), Кара-Кулжа району (Ош облусу).

Көк бөрү оюну боюнча райондор аралык чемпионат Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана Көк бөрү федерациясы тарабынан уюштурулууда.

18 Февраль 2024 жыл 11:29
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча