Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматовдун өзгөчө тапшырмасы боюнча Салык кызматы товарларды импорттоодо жашыруун схемаларды колдонгон жана салык төлөөдөн качкан ак ниетсиз ишкерлерди аныктоо үчүн аналитикалык иштерге басым жасайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков «Биринчи радиого» берген маегинде билдирди.
«Салык кызматынын борбордук аппаратынын түзүмү өзгөртүлдү. Азыр үч ири башкармалык иштеп жатат, алар 40тан ашык модулдарды камтыган биздин IT-системабыз аркылуу маалыматтарды текшерип, талдап жатышат. Бул ошол эле ЭЭФ жана ККМ, ошондой эле бажы кызматынын модулуна кирүү мүмкүнчүлүгү. Биз компанияларды көрүп турабыз: мисалы, товар бажы аркылуу үчүнчү өлкөлөрдөн келген, төлөнгөн жана андан ары өлкөнүн аймагында, товар сатылган жерде, кимге жана канча сатылганына көз салабыз. Иштин бул бөлүгү дагы күчөтүлдү.
Биз ошондой эле өндүрүш компанияларга дагы анализ кылып жатабыз: канча чийки зат алынган жана канча продукция, кандай баада чыгарылган. Бул бизге жашыруун схемаларды аныктоого жана салыктык кирешелердин толуктугун камсыз кылууга мүмкүндүк берет», — деп кошумчалады ал.