Ак-Ордо конушунда № 10 автобус жеңил унаа менен сүзүшкөн.
Маалыматка ылайык, кырсык болжол менен 23:30дар чамасында И.Ахунбаев менен Каркыра көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда батыштан чыгышты кздй базага кайтып жаткан автобусту Каркыра көчөсүнөн чыга калган «Хонда-Фит» унаасы сүзүп алган.
Бактыга жараша автобуста жүргүнчүлөр болгон эмес.
Ал эми жеңил унаанын айдоочусу жабыркап, ооруканага жеткирилген.