«Ак шумкарлар» дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарына катышат

Кыргызстандын курама командасы ноябрь айында 2026-жылы өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарына катышат. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди.

Улуттук команда Малайзия, Оман жана Тайвань командалары менен бирге D тайпасына түштү. Ноябрдын орто ченинде дүйнөлүк чемпионатка тандоонун алгачкы эки беттеши өтөт.

«16-ноябрда башкы машыктыруучу Стефан Таркович баш болгон улуттук курама конокто болуп, Малайзия курама командасы менен беттешет. Тандоо турунун алкагында биздин команданын биринчи беттеши Куала-Лумпур шаарындагы (Малайзия) Букит Жалил стадионунда өтөт. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө «Кыргыз спорт ТВ» телеканалынан түз эфирде көрсөтүлөт. Ошондой эле «Дордой плаза» соода борборунда улуттук курама команданын күйөрмандары үчүн фан-зона уюштурулат», — деп айтылат маалыматта.

21-ноябрда «Ак шумкар» өз талаасында Омандын курама командасы менен беттешет.

4 Ноябрь 2023 жыл 14:33
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча