Жалал -Абад районундагы Ак-Тайлак айылын сел каптады. Бул тууралуу ӨКМ билдирет.
Маалыматка караганда,14-апрель күнү Ала-Бука районунун Ынтымак айыл аймагынын Ак-Тайлак айылында болжол менен саат 15:30 чамасында жаап өткөн мөндүр аралаш жамгырдан улам кокту-колоттордон сел суулары түшүп, 1 турак үйдүн короосун сел суулары каптап, Маматов Дуруска таандык ВАЗ 2107 автоунаасын сел суулары агызып, көпүрөнүн жогору тарабына токтоп калган.
Аталган аймакка райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ жана райондук Жарандык коргонуу кызматтары тартылып, тактоо жумуштары жүрүүдө.
Кошумча маалымат берилет.